• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте насостук станциянын курулушуна капсула салынды

Коом 0

Бишкек, 28.08.24. /Кабар/. Бишкектеги "Батыш-1" жылуулук магистралында жаңы насостук станциянын курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Иш-чарада мэр Айбек Жунушалиев белгилегендей, жаңы насостук станция Бишкек шаарынын борбордук жана батыш аймактарын жылуулук менен камсыздап, сапатын жакшыртат.

"3 насостук станция 1990-жылдардан бери жылуулук менен камсыздоо схемасына киргизилген. Бүгүнкү күндө курулуш иштери башталганын кубануу менен билдиребиз. 30 миңге жакын абонент жылуулук менен камсыздоо жакшырганын сезе алышат", - деди ал.

“Бишкекжылуулукэнерго” муниципалдык ишканасынын директору Уран Райымбеков насостук станция гидротехникалык режимди кыйла жакшыртарын кошумчалады.

Маалыматка ылайык, долбоор CRBC жана “Технотоп” ЖЧКсынын консорциуму тарабынан ишке ашырылууда. Долбоордун алкагында Б.Осмонкул көчөсүн бойлой узундугу 120 метрди түзгөн өтмөк каналынын курулушу камтылган, ал жерге диаметри 1000 мм болгон төрт катар жылуулук тармагынын түтүктөрү төшөлөт.

Жаңы насостук станцияда ар биринин кубаттуулугу 2500 м³/саат болгон сегиз насос болот. Долбоордо трансформатордук көмөкчордон, ошондой эле жээкти коргоо иштери каралган.

Пикир

Оставить комментарий