• 87
  • 90.63
  • 0.79

Бишкекте Нельсон Манделанын сүрөтү түшүрүлгөн граффити дубалы пайда болду

Коом 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/.Бишкектин Октябрь районундагы №10 кичи районунун Малдыбаев жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишине адам укуктарына арналган граффити дубалы пайда болду.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, эми боз жана байкалбаган дубал адам укуктары үчүн күрөшкөн белгилүү активист Нельсон Манделанын сүрөтү түшүрүлгөн жаркыраган көркөм композиция менен кооздолду.

«Стрит-арт долбоору «Эркиндик үнү» коомдук фондунун демилгеси жана мэриянын Экономика жана инвестиция департаментинин, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын колдоосу менен БУУнун кыйноолордун курмандыктарын колдоо эл аралык күнүнө жана Нельсон Манделанын эл аралык күнүнө карата тартылды», - деп айтылат маалыматта.

Биринчи граффити сүрөтчү Евгений Макшаковго таандык, ал бул композицияны баллондор менен эки күндүн ичинде тартып бүттү.

Нельсон Мандела өз өмүрүн тынчтык жана гуманизм жолуна арнаган - адам укуктарын коргоочу жана эркин Түштүк Африканын демократиялык жол менен шайланган биринчи президенти.

Пикир

Оставить комментарий