• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте Ноорузду майрамдоо учурунда 6 миңден ашык жоогазын тепселенген

Коом 0

Бишкек, 22-март /Кабар/. “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, кечээ “Ала-Тоо” борбордук аянтында Нооруз майрамын майрамдоо учурунда 165 квадрат метр жерге өстүрүлгөн 6 миң 500 жоогазын тепселенген. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жалпысынан Курманжан Датканын эстелигинин айланасындагы 20 квадрат метр жердеги, галереянын айланасындагы 70 квадрат метр жердеги, андан тышкары Чүй проспектисиндеги 75 квадраттык метр жерде өстүрүлгөн жоогазындар тепселенген. Муниципалдык кызматтын кызматкерлери март айынын башында борбордогу клумбаларында бары болуп 120 миң жоогазын тигишкен.

Бишкек шаардык мэриясы жашоочулардан шаардык кызматтардын кызматкерлеринин эмгегин сыйлап, гүлдөргө жана өсүмдүктөргө этияттык менен мамиле кылууну өтүнөт.

Пикир

Оставить комментарий