• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте “Оймо" фестивалы өтүүдө

Маданият 0

Бишкек, 25.07.24. /Кабар/. Бишкекте күн мурун, 24-июлда салттуу маданият жана кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык "Оймо" аттуу фестивалынын ачылыш аземи болду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага шаар тургундары жана чет элдик коноктор, кол өнөрчүлөр, дизайнерлер, маданият жана искусство ишмерлери, чыгармачыл тармактардын көрүнүктүү өкүлдөрү катышты.

Фестивалдын алкагында кол өнөрчүлүк жарманкеси, мастер-класстар, көргөзмөлөр, этно-фэшн-шоулар, эко-акциялар, конференциялар, тегерек столдор, концерттик программалар, Кыргызстандын атактуу сүрөтчүлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөлөрү өтөт.

Бул жылы аталган иш-чарага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Россия, Иран, Индия, Монголия, Венгрия, Мексика, АКШ, Малайзия, Таиланд, Норвегия, Швеция, Кувейттен келген өнөрпоздор катышууда.

Фестивалдын алкагында "Салттуу маданиятты чагылдырган мыкты инновациялык туристтик продукт" улуттук сынагы жана "Мыкты мастер" жана "Мыкты насаатчы" эл аралык сынактары өткөрүлөт.

Эске салсак, “Оймо” – Кыргызстанда 2006-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык маданий фестиваль болуп саналат. Салт боюнча июль айынын аягында Бишкекте жарманке менен ачылып, Ысык-Көлдүн жээгинде уланат.

Фестивалдын максаты - маданий мурастарды сактоо, салттуу билимдердин уландысын жандандыруу, кол өнөрчүлүк рыногун жана маданий мурастарга негизделген креативдүү индустрияларды өнүктүрүү жана Кыргызстанды экологиялык жактан таза маданий туризмдин эл аралык аймагына айландыруу.

Пикир

Оставить комментарий