• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте окуучулар арасында укук бузуулардын алдын алуу программасы ишке кирди

Коом 0

Бишкек, 18.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бүгүн окуу жылынын башталышы менен Бишкектин Октябрь районундагы мектептерде өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча программа ишке кирди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Иш-чарага Октябрь райондук администрациясынын, билим берүү, социалдык өнүктүрүү, Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын, Республикалык психиатрия жана наркология борборунун өкүлдөрү, жарандык активисттер, балдар менен иш алып барган мектеп инспекторлору жана медицина кызматкерлери катышууда.

Саамалыктын алкагында мектеп окуучуларынын арасында баңгиликтин алдын алуу жана кылмыштуулукту алдын алууга багытталган педагогикалык жамаат жана окуучулардын ата-энелери менен жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Ошондой эле бекитилген график боюнча райондун бардык мектептерин камтуу пландалып, мектеп жетекчилеринин жана укук бузуулардын алдын алуу кызматтарынын алдына коюлган негизги милдет окуучулар арасында түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү, чыр-чатактарга ыкчам чара көрүү жана массалык мушташтарга жол бербөө болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий