Бишкекте окуучулар жана студенттердин арасынан эң мыкты жөө күлүктөрдү аныкташат

Спорт 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Бишкекте 27-октябрда Күзгү жеңил атлетикалык кросс өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Иш-чара саат 10:00дө Кара-Жыгач сейил багында башталат. Ага мектеп окуучулары жана колледждердин, жогорку окуу жайлардын студенттери катыша алат.

Чуркоо “Аймактарды өнүктүрүү жылына” арналган.

Жеңүүчүлөр жана байгелүү орундарга ээ болгондор байге, медаль жана дипломдор менен сыйланышат.

1-орунду алган топтор (балдар жана кыздар өзүнчө) кубоктор менен сыйланат.

Пикир

Оставить комментарий