• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте окуучулардын сергек жашоо образын калыптандырууга арналган пилоттук тренинг өттү

Билим 0

Бишкек, 14.06.23. /Кабар/. Бишкекте 12-13-июнда мектеп окуучуларынын сергек жашоо образын калыптандыруучу усулдук колдонмону апробациядан өткөрүү боюнча пилоттук тренинг өттү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Тренингдин катышуучулары сергек жашоо образын калыптандыруу боюнча практикалык сабактарды өткөрүүнүн түзүмү жана ыкмалары менен таанышты.

Ошондой эле сергек жашоонун принциптери жана нормалары; туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк; тамеки чегүүнүн жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча көрсөтмөлүү сабактар сунушталды.

Тренингдин экинчи күнү катышуучулар насвайдын зыяндуулугу, токсикоманиянын алдын алуу жана өспүрүмдөрдүн психикалык абалы боюнча практикалык тренингдерди өткөрүштү. Мындан тышкары, өспүрүмдөр арасындагы зордук-зомбулук: буллинг, мектептеги рэкетчилик маселелери талкууланды.

Ошондой эле, жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардын, вирустук гепатиттин алдын алуу жана өспүрүмдөргө сексуалдык тарбия берүү боюнча практикалык сабактар өткөрүлдү.

Белгилей кетсек, тренинг Билим берүү жана илим министрлиги жана Улуттук Кызыл Ай коому менен биргеликте жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын арасында сергек жашоо көндүмдөрүн, адеп-ахлактык тарбиясын калыптандыруу максатында өттү.

Пикир

Оставить комментарий