• 84.7
  • 92.91
  • 0.89

Бишкекте окуучуларга баңги жана психотроптук каражаттарды колдонуунун кесепеттери тууралуу эскертишти

Коом 0

Бишкек, 04.02.22. /Кабар/. КР ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) алдын алуу жана эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн кызматкерлери жана Свердлов районунун ИИБдин ЖӨИ тарабынан N38 мектебинин окуучулары үчүн алдын алуу боюнча маек өткөрүлдү.

ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, БМЖКККнын кызматкерлери окуучуларга кызматтын негизги ишмердүүлүгү жөнүндө айтып беришти.

Мындан тышкары, балдарга психоактивдүү заттарды колдонуунун медициналык, социалдык жана укуктук кесепеттери тууралуу маалымат берилди.

БМЖКККнын кызматкерлери Кыргызстандын мыйзамдарында баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү үчүн каралган жоопкерчиликтер жөнүндө тартылган социалдык жана алдын алуу мүнөздөгү видеотасманы көрсөтүштү.

Иш-чаранын соңунда окуучуларга алдыга койгон максаттарына ишенимдүү кадам таштоо, өздөрүн өркүндөтүү, сергек жашоо мүнөзүн кармануу тууралуу каалоо-тилектер айтылды.

Пикир

Оставить комментарий