• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте Олимпиада оюндарынын жыйынтыктары талкууланды

Спорт 0

Бишкек, 31.10.24. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов спорттун Олимпиада түрлөрү боюнча федерациялардын, Дене тарбия жана спорт департаментинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда Парижде өткөн Олимпиадада Кыргызстандын курама командасынын жетишкендиктери жана кемчиликтери талкууланды.

Мындан тышкары, өлкөнүн спорт чөйрөсүн мындан ары өнүктүрүү, спорттук даярдыктын сапатын андан ары жогорулатуу, машыктыруучулук ыкмаларды өркүндөтүү жана келечекте ийгиликтерге жетүү үчүн керектүү шарттарды түзүү боюнча конкреттүү сунуштар киргизилди.

Эдил Байсалов өз сөзүндө Олимпиада жыйынтыктарын жогору баалап, спортчулардын жогорку көрсөткүчтөргө жетишүүсү үчүн бардык тармактардын тыгыз кызматташуусунун маанилүүлүгүн белгиледи. Ал ошондой эле спорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү, жаш таланттарды издеп таап, аларды колдоо, каржылоону жакшыртуу жана спорттук инфраструктураны жаңылоо зарылчылыгын кошумчалады.

Ошол эле учурда, жалпы дене тарбия жана балдар спорту маселелери да талкууланды. Балдар жана жаштар спортун колдоо өлкөнүн спорттук келечегин камсыз кылуунун эң негизги багыттарынын бири катары каралып, аны менен катар жалпы калк арасында дене тарбияны жайылтуу максаты коюлду. Бул дене тарбияга катышкан адамдардын санын көбөйтүп, жалпы коомдун ден соолугун чыңдоого жана жаш муундарды спортко тартууга шарт түзөт.

Жыйынтыгында жолугушуунун катышуучулары Париж Олимпиадасынын ийгиликтеринен жыйынтык чыгарып, алдыдагы жылдарга багытталган конкреттүү кадамдар тууралуу макулдашты. Эдил Байсалов мындан аркы аракеттер, стратегиялык пландар жана мамлекеттин спорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча кеңири демилгелерди сунуштап, жалпы коомчулукту дене тарбия жана спортко тартуу иштерин дагы күчөтүү зарыл экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий