• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Бишкекте Олимпиаданын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземи өттү – сүрөт

Президент 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 13-августта Франциянын Париж шаарында өткөн ХХХIII жайкы Олимпиада оюндарынын катышуучуларын жана байге ээлерин сыйлоо аземине катышты.

“Манас” эл аралык аэропортунан олимпиадачыларды мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдиль Байсалов, ошондой эле курама команданын жакындары жана күйөрмандары тосуп алышты.

Турдакун Усубалиев атындагы аянттагы салтанаттуу иш-чара Олимпиада оюндарынын катышуучуларына арналган кыска метраждуу тасманы көрсөтүү менен башталды.

Андан соң Олимпиаданын байге ээлери: Сейитбек Мунарбек уулу, Мээрим Жуманазарова, Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков жана Үзүр Жусупбековдорго сөз берилди. Алар Кыргызстандын элине, Президент Садыр Жапаровго көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Атап айтканда, коло медаль жеңген эркин күрөш боюнча балбан Айсулуу Тыныбекова өлкө жетекчилигинин колдоосу менен республикада спортту өнүктүрүүгө бардык шарттар түзүлгөнүн белгиледи. Ошондуктан Париж Олимпиадасында жогорку көрсөткүчтөргө жетишүү мүмкүн болду.

Улуттук курама команданын мүчөлөрүн куттуктап жатып, Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө кыргыз спортунун кышын кынап, пайдубалын түптөгөн, кыргыз элине эбегейсиз сыймык тартуулаган, аттары тарыхта алтын тамгалар менен жазылган улуу инсандарыбыз бар экенин баса белгиледи.

Ал бүгүн ошол аталар баштаган жол уланып, көз алдыбызда Париж Олимпиадасында кыргыз спортчуларынын көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылып жатканын айтты. Бул жолку Олимпиада оюндары Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болуп калды.

Президент Садыр Жапаров миллиондогон күйөрмандарынын жана Кыргызстандын бардык жарандарынын атынан ар бир олимпиадачыга терең ыраазычылык билдирип, алардын жараткан ийгиликтери – элдин төбөсүн көккө жеткире кубантып, ажайып сезимдерге бөлөп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, улут биримдигин бекемдеп жатканын кошумчалады.

Андан соң спортчуларга, машыктыруучуларга жана медицина кызматкерлерине акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземи болду (акчалай сыйлык алгандардын тизмеси тиркелет).

Пикир

Оставить комментарий