Бишкекте “One Run” эл аралык жарым марафону өттү

Спорт 0

Бишкек, 19.05.24. /Кабар/. Бүгүн, 19-майда Бишкек шаарында “One Run” эл аралык жарым марафону болуп өттү.

Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, иш-чарага 12 өлкөдөн - Кыргызстан, Беларусь, Кытай, Франция, Индия, Казакстан, Түштүк Корея, Нидерланды, Россия, Түркия, АКШ, Өзбекстандан 2 миңден ашык жөө күлүктөр катышты.

Катышуучулар 1, 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкка чуркашты. Жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

21.1 км (эркектер):

1-орун Александр Салахудинов (01:06:55);
2-орун Тилекжан Жекшеналы уулу (01:06:59);
3-орун Александр Сторожев (01:09:09).

21.1 км (кыз-келиндер арасында):

1-орун Мария Коробицкая (01:17:25);
2-орун Вераника Важник (01:18:30);
3-орун Айгерим Абденбаева (01:35:13).

10 км (эркектер арасында):

1-орун Андрей Стижаков (00:30:59);
2-орун Эламан Абылабеков (00:31:30);
3-орун Василий Перминтин (00:32:01).

10 км ( кыз-келиндер арасында):

1-орун Асел Акылбекова (00:39:50);
2-орун Жаркынай Тойчубаева (00:41:59);
3-орун Айым Өзгөрүшова (00:43:54).

5 км (эркектер арасында):

1-орун Сүйүнбек Кубанов (00:15:51);
2-орун Игорь Измаилов (00:15:53);
3-орун Дастан Марат уулу (00:15:56).

5 км (кыз-келиндер арасында):

1-орун Ульяна Колосова (00:22:28);
2-орун Жылдыз Додоева (00:22:55);
3-орун Арууке Кушчубекова (00:23:26).

Пикир

Оставить комментарий