Бишкекте опузалоо фактысы боюнча милициянын ыкчам кызматкери кармалды — УКМК

Укук тартиби 0

Бишкек, 28.05.24. /Кабар/. Опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Атайын кызмат тарабынан ички иштер органдарындагы коррупциялык кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан системалуу иштердин жүрүшүндө 27-майда 300 миң сом өлчөмүндө пара талап кылуу фактысы боюнча УКМК тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкери Э.Н.Э. кармалды. Шектүүнү кармоо ИИМдин Ички чалгындоо кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн.

Тергөөнүн жыйынтыгында, аталган кызматкер кылмыш жоопкерчилигине тартыларын айтып, жарандан акча талап кылууга түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды.

Белгилей кетсек, аталган факты боюнча буга чейин УКМК тарабынан ички иштер органдарынын ушул эле бөлүмүнүн эки ыкчам кызматкери кармалган.

Кармалган кызматкер КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий