• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

Бишкекте "Органик Экспо 2024" аймактык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 20.09.24. /Акназик Тургунбаева-Кабар/. Бүгүн Бишкекте Борбор Азияда биринчи жолу "Органик Экспо 2024" регионалдык көргөзмө-жарманкеси өтүүдө.

Ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн агрардык секторун туруктуу өнүктүрүүгө, органикалык, регенеративдик айыл чарбасын системалуу түрдө өнүктүрүү менен тоолуу аймактардын биомаданий ар түрдүүлүгүн сактоого багытталган.

Иш-чара бир катар эл аралык уюмдардын колдоосу менен Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жана Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттерди ишке ашыруу боюнча КР президентинин атайын өкүлүнүн катчылыгы тарабынан уюштурулду.

Саамалыкка министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн министрликтеринин жана мекемелеринин өкүлдөрү, 10дон ашык өлкөдөн айыл чарба, экология, климат, туруктуу өнүктүрүү жана башка маселелер боюнча 200дөн ашык эксперт жана 50 спикерлер катышууда.

Ошондой эле көргөзмө-жарманкенин алкагында "Чоң-Алай килеми" долбоорунун жана катышуучулардын продукцияларынын презентациялары, мастер-класстар, органикалык заттарга байланыштуу билим берүүчү жана көңүл ачуучу оюндар көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий