• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте "Органикалык Экспо – Борбор Азия" аймактык форуму өтөт

Коом 0

Бишкек, 12.09.24. /Кабар/. Борбор Азия аймагында Кыргызстанда биринчи жолу "Органикалык Экспо – Борбордук Азия" аймактык форуму өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Форумду өткөрүү Айыл чарба министрлиги тарабынан демилгеленген жана ал органикалык айыл чарбаны системалуу түрдө илгерилетүү жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн агроөнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүүгө жетишүүнүн тарапкерлерин бириктирген масштабдуу иш-чара болуп саналат.

Анын алкагында 20-22-сентябрда Бишкек шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн өндүрүүчүлөрүнүн органикалык продукцияларынын жана технологияларынын көргөзмө-жарманкеси өтөт.

Көргөзмө-жарманкеге коопсуз жол менен өстүрүлгөн продукциялар: жашылчалар, жемиштер (өрүк, алма, алмурут ж.б.), кургатылган жемиштер жана жаңгактар, ширелер, кыямдар, консервалар жана пасталар, дары чөптөр, чайлар, бал жана аары продуктылары жана башкалар коюлат.

Ошондой эле көргөзмө-жарманкенин алкагында экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүү жана дегустациялоо боюнча мастер-класстар өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий