Бишкекте Осмоналиевдин 65 жаш мааракесине карата оор атлетика боюнча мелдеш өтөт

Спорт 0

Бишкек, 16.11.18. /Нуржигит Бейшебаев - Кабар/. Бишкекте олимпиаданын жеңүүчүсү Каныбек Осмоналиевдин 65 жаш мааракесине карата оор атлетика боюнча XXXI эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен маалымдашты.

Мелдеш 25-29-ноябрь күндөрү Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт.

Эл аралык мелдешке Борбор Азия, жакынкы жана ыраакы өлкөлөрдүн спорт делегаттары, Кыргызстандын облус жана шаарларынын курамалары катышат.

Белгилей кетсек, Каныбек Осмоналиев 1980-жылы Москвада өткөн олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, дүйнөнүн төрт жолку, Европанын эки жолку чемпиону. Ал 19-ноябрда 65 жашка чыгып жатат.

Пикир

Оставить комментарий