• 84.92
  • 94.05
  • 0.93

Бишкекте Пакистандын алдыңкы фармкомпаниянын өкүлдөрүнүн катышуусунда форум өттү

Коом 0

Бишкек, 15.12.23. /Кабар/. Бишкекте пакистандык фармацевтикалык компаниялардын катышуусунда фармацевтикалык форум өттү. Анын ишине КР Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев катышты.

Уюмдун басма сөз кызматынан билдиришкендей, форумга катышуу үчүн Пакистандан алдыңкы он фармацевтикалык компаниянын өкүлдөрү келишти.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек каражаттары жана медициналык буюмдар департаментинин, КР президентине караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин, "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасынын жана КР СӨП алдындагы фармацевтика боюнча комитеттин өкүлдөрү бизнесмендердин алдында презентация жасашты.

Андан соң эки өлкөнүн ишкерлеринин фармацевтика тармагындагы жолугушуулары болуп, мындан аркы кызматташуу маселелери талкууланды.

Белгилей кетсек, иш-чараны Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте соода-өнөр жай палатасы уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий