• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо аземи өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. Бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Париж Олимпиадасынын катышуучуларын сыйлоо аземи өтүүдө.

Салтанаттуу иш-чарада Садыр Жапаров Париждеги 33-Жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу алты медаль утуп келген спортчуларды куттуктады.

"Кыргызстандын намысын коргой турган бардык мелдештер өтө маанилүү жана өтө жоопкерчиликтүү. Ал эми Олимпиада оюндары – бул жөн эле эл аралык мелдеш эмес. Бул жерде мамлекеттер дүйнөдөгү алдынкы спорттук держава наамын алыш үчүн ат салышат. Билгенге, түшүнгөнгө бул оюндарда өз өлкөсүн татыктуу көрсөтүп, лидерлердин катарына кирүү - бул улуттук кадыр-барк, улуттук ар-намыс!

Ошондуктан силер тагылган милдетти так аткарып, Кыргызстанда спорттук салт-санаалар бекем экенин, өлкөбүздө дагы деле дүйнөнү таң калтыра турган уул-кыздар бар экенин, кыргыз спорту зор потенциалга ээ экенин, күйөрмандарга болуп көрбөгөндөй кубаныч тартуулай турган, миллиондогон жарандардын жүрөгүнөн түнөк таба турган күчтүү спортчулар бар экенин далилдедиңер.

Бул Париж Олимпиадасында силерди кары дебей, жаш дебей жалпы кыргызстандыктар кош колдоп, бир дем менен колдоп жатышты.

Мен да силердин ар бир таймашыңарды үй-бүлөм менен калтырбай көрүп, чындап колдоп-коштоп турдум.

Силер өлкөбүздүн намысы үчүн мыкты күрөштүңөр. Олимпиадалык килемге, татамиге, рингге, жолго чыккан ар бириңер менен сыймыктанабыз.

Спорттогу ийгилик - бул талыкпас эмгек, мекенчилдиктин кайталангыс үлгүсү! Анткени силер багындырган жеңиштер менен канчалаган жаштардын жүрөгү толкуйт, “Кыргызстандын кызыл байрагын желбиретсем!” деген мекенчил сезимдери ойгонот. Кийинки жаш муундар өрнөк тутуп, силердей болгусу келгендердин катары арбыйт. Кыргыз спортун, Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган чемпиондордун чыгышына мына силер себепкер болосуңар", - деп белгиледи өлкө башчысы.

Олимпиадага Кыргызстандын 16 спортчусу сууда сүзүү, спорттук күрөш, жеңил атлетика, дзюдо жана бокс боюнча мелдештерде күч сынашты.

Жалпысынан Кыргызстан Олимпиадада 6 медаль - 2 күмүш, 4 коло утту.

Кыз-келиндер күрөшүнөн 68 килограмм салмак ченинде Мээрим Жуманазарова күмүш, бокс боюнча 57 килограмм салмакта Мунарбек Сейитбек уулу күмүш медаль жеңди, грек-рим күрөшүнөн 60 килограмм салмакта Жоламан Шаршенбеков, 77 килограмм салмакта Акжол Махмудов, 97 килограмм салмакта Үзүр Жусупбеков, 62 килограмм салмакта Айсулуу Тыныбекова коло медаль утту.

Пикир

Оставить комментарий