• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Бишкекте паспорт алууга документти дем алыш күндөрү тапшырса болот - Калкты каттоо департаменти

Коом 0

Бишкек, 25.10.24. /Кабар/. Кыргызстандын аймактарында 52, Бишкек жана Ош шаарларында 54 калкты тейлөө борборлору бар. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин калкты документтештирүү бөлүмүнүн башкы адиси Салима Туякова билдирди.

Анын айтымында, калкты тейлөө борборлору эртең менен саат 8.00дөн кечки саат 18.00гө чейин, түшкү 12.00дөн 13.00гө чейинки тыныгуу убактысы менен иштейт.

“Бишкек шаарында дем алыш күндөрү иштей турган эки кичи калкты тейлөө борборлору бар. Алар И.Ахунбаев көчөсүндөгү жана Чүй проспектисинин Бишкек ЖЭБинин жанындагы “Глобус” дүкөндөрүндө жайгашкан. Бул калкты тейлөө борборлорунан дем алыш күндөрү жарандар тиешелүү кызматты алса болот”, - деди Салима Туякова.

Белгилей кетсек, дем алуу күндөрү аталган борборлордон Кыргызстандын жаранынын паспортун алууга документтерди тапшырса болот. Калган кызматтар иш күндөрү дүйшөмбү күндөн, жума күнгө чейин көрсөтүлөт.

Туякова кошумчалагандай, ошондой эле жарандар кезек күтпөстөн “Түндүк” тиркемеси аркылуу онлайн кезекке турса болот жана үйдө туруп эле кызматтарды алуу мүмкүнчүлүгү бар. Мында 119 кыска номери аркылуу атайын мобилдик топторду чакырып, тиешелүү кызматтарды алса болот.

Пикир

Оставить комментарий