• 86.2
  • 92.86
  • 0.9

Бишкекте педагогдордун август кеңешмеси өттү. Эмнелер талкууланды?

Коом 0

Бишкек, 30.08.23. /Кабар/. Бишкекте "Билим берүүнү санариптештирүү шартында XXI кылымдын көндүмдөрүн өнүктүрүү: чакырыктар, учурдагы абалы, келечеги" аталышында педагогдордун август кеңешмесин өттү.

Муниципалитеттен билдиоришкендей, иш-чарага шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров, мэрдин социалдык маселелер боюнча орун басары Виктория Мозгачева, мектеп жана бала бакчалардын директорлору катышты.

Негизги баяндаманы, анын ичинде билим берүүнү санариптештирүүнүн актуалдуу маселелерин кароону Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева жасады.

Мындан тышкары, конференцияда билим берүүнүн жыйынтыктарына коюлган заманбап талаптар, кадрлардын квалификациясын жогорулатуу жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу зарылчылыгы, электрондук мектеп тутумдарын, көп тилдүү программаларды колдонуу, ошондой эле билим берүү тармагында STEM технологиялары боюнча бир катар докладдар угулду.

Конференциянын жүрүшүндө “ачык микрофон” бөлүмүндө бир катар маанилүү маселелер талкууланды. Жыйындын жыйынтыгында катышуучулар конференциянын резолюциясын кабыл алышты.

Шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров көп жылдык эмгеги жана жаш муундарды тарбиялоого кошкон зор салымы үчүн өзгөчөлөнгөн мугалимдерди сыйлады.

Ошентип, мэриянын төш белгисин №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин директорунун орун басары Наталья Судкова алды.

Ал эми мэрияснын кол сааттары №9 мектеп-гимназиясынын окуу-тарбия комплексинин директору Зейнеп Арстанбекова жана № 24 мектеп-гимназиясынын директору Анара Абдураимовага тапшырылды.

Ардак грамоталар менен төмөнкүлөр сыйланды:
Жумгал Ботаева - №31 мектеп-гимназиясынын директорунун орун басары;
Ольга Якимовская - №65 экологиялык-экономикалык лицейдин директорунун орун басары;
Рахат Байшариева - №69 орто мектептин директорунун орун басары;
Кызылгум Телтаева - №162 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
Эснария Садыкова - №184 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору;
Мира Таирова - №68 мектеп-гимназиясынын география мугалими.

Белгилей кетсек, борбор калаанын билим берүү түзүмүндө 103 мектеп, 95 бала бакча, анын 12си адистештирилген, 6 мектептен тышкаркы уюм бар. 2023-2024-окуу жылында 188 миңден ашык бала 1-сентябрда мектеп босогосун аттайт.

Пикир

Оставить комментарий