• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Бишкекте позитивдүү ата-энеликке үндөгөн футбол фестивалы өттү

Спорт 0

Бишкек, 29.05.23. /Кабар/. Бишкектеги "Ынтымак" паркында 50дөн ашык мүмкүнчүлүгү чектелген баланын катышуусунда футбол фестивалы өттү.

Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, позитивдүү ата-энеликке үндөгөн фестиваль Европалык жайкы фестивалдын алкагында 27-майда өткөрүлгөн.

Балдар менен бирге фестивалга ата-энелери да келип, алар менен чогуу футбол дүйнөсүнө чөмүлө алышты.

Иш-чаранын башкы максаты – позитивдүү ата-энеликти жайылтуу жана ага үндөө.

ЮНИСЕФ уюштурган фестиваль Кыргыз футболдук союзу менен кызматташтыкта жана Европа Биримдигинин Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу менен орун алды.

Пикир

Оставить комментарий