• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте президенттин тапшырмасы боюнча кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курулат

Спорт 0

Бишкек, 23.10.21. /Кабар/. Спортчуларды колдоо жана шыктандыруу, ошондой эле дене тарбиясын жана спортту өнүктүрүү максатында КР президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы боюнча Бишкек шаарында кыз-келиндер күрөшү менен машыгуу үчүн спорттук зал курууга жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети дене тарбия жана спорт тармагындагы кызматтын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган чаралардын комплексин иштеп чыгууда.

Эске салсак, үстүбүздөгү жылы Кыргызстандын балбандары ар кыл эл аралык мелдештерде жогорку спорттук натыйжаларга жетишишти. Алардын арасында байгелүү орундарга ээ болуп, кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама команда өзгөчөлөндү.

Министрлер кабинети жакынкы арада аталган объектинин курулушун баштап, ал өлкөбүздө спортту жайылтууга өбөлгө болуп, калк арасында сергек жашоо образына кызыгууну арттырып, ошондой эле жаштарда бул спорттун түрү менен кесипкөй машыгууга кызыгуусун жогорулатат.

Бул спорттук залда спортту калк арасында кеңири жайылтуу үчүн бардык зарыл шарттары болот.

Пикир

Оставить комментарий