• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте президенттин администрациясынын коллегиясы өтүүдө

Өкмөт 0

Бишкек, 31.07.24. /Кабар/. Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында президенттин администрациясынын коллегиясынын отуруму башталды.

Коллегиянын күн тартибине нотариустардын иши, жөлөкпулдун даректүүлүгү, Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорлорунун каралышы, маданият үйлөрү менен китепканалардын иштери жана мамлекеттик кызматкерлердин аткарган кызматынын жыйынтыктары сыяктуу бир катар маселелер киргизилген.

Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары мамлекеттин социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу баяндама жасайт.

Белгилей кетсек, коллегиянын жыйынтыгы менен каралган маселелер боюнча тийиштүү чечимдер кабыл алынат.

Отурумга президенттин администрациясы, министрлер, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери, райондук мамлекеттик администрация башчылары-акимдер жана шаарлардын мэрлери катышууда.

Пикир

Оставить комментарий