• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте президенттин катышуусунда кезектеги "Мурас" турнири өтүүдө. Түз алып берүү

Спорт 0

Бишкек, 08.12.23. /Кабар/. Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен салтка айланып калган кезектеги "Мурас" футболдук турнири өтүүдө.

Мелдешке 16 команда катышууда. Оюн 8-9-декабрь күндөрү өтөт.

Президент турнирдин башында куттуктоо сөзүн сүйлөп, жалпы катышуучуларга ийгилик каалады.

Командалар төрт тайпага бөлүнгөн, оюндар мурункудай эле эки локацияда: “Газпром - балдарга” ден соолук чыңдоо комплексинде (А жана В тайпалары) жана Кожомкул атындагы Спорт сарайында (C жана D тайпалары) өтөт.

Оюндар УТРКнын жана ЭлТРдин түз эфиринен көрсөтүлүүдө.

Иш-чара Кыргыз футбол союзу жана президенттин администрациясы тарабынан уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий