Бишкекте пробация боюнча эл аралык форум өтүүдө

Коом 0

Бишкек, 12.06.24. /Мээрим Дүйшөналиева - Кабар/. Бишкекте пробация боюнча эл аралык форум өтүүдө.

Форум билим жана маалымат алмашуу, өнөктөштүк тармагын кеңейтүү жана пробациянын кесипкөй коомчулугун түзүү максатын көздөйт.

Эки күнгө созула турган иш-чарага Борбор Азия мамлекеттеринин делегациялары жана эл аралык уюмдардын өкулдөрү келишти.

Эл аралык форумду өткөрүү жазык сот адилеттиги чөйрөсүндө пробация системасын жана маалыматтык башкарууну өркүндөтүүгө багытталган "Адилет бардыгы үчүн" долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат.

Бул демилге мыйзамдык реформаларды жылдыруу, пробация бөлүмдөрүнүн потенциалын жогорулатуу жана инфраструктурасын модернизациялоо, анын ичинде пробациянын маалыматтык системаларын санариптештирүү максатында Юстиция министрлиги жана башка тиешелүү ведомстволор менен биргеликте ишке ашырылууда.

Пикир

Оставить комментарий