Бишкек, 29.11.23. /Кабар/. Бишкекте маданиятка эмгек сиңирген ишмер, көркөм өнөр таануу илимдеринин кандидаты, профессор Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.
Иш-чара 1-декабрда Улуттук тарых музейинде саат 10:00дө башталат.
Коференцияга Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутовдун, маданият ишмерлери, Б.Бейшеналиева атындагы КММИУнун профессордук-окутуучулар курамы, Сагыналы Субаналиевдин үй-бүлөсү катышары күтүлүүдө.
Эске салсак, Сагыналы Субаналиев 2022-жылдын 4-ноябрында 74 жаш курагында дүйнө салган.
Сагыналы Субаналиев 1948-жылы Аксы районунун Афлатун айылында туулган. Музыка изилдөөчү, искусство таануу илимдеринин кандидаты (1983), профессор.
1966-70-жылдары Фрунзедеги музыкалык педагогикалык окуу жайын бүтөрү менен Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунун эки жылдык даярдоо курсуна тапшырып, окуп жүргөн мезгилинде эле Кыргыз ССРнин мамлекеттик телерадиокомитетинин музыкалык редакциясында редактор болуп иштеген.
1972-77-жылдары искусство институтун ийгиликтүү аяктагандан кийин институттун тарых жана теория кафедрасында мугалим болуп иштеген.
1977-жылы Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинематография институтунун фольклор секциясынын аспирантурасына өткөн.
1979-83-жылдары искусство институтунун фольклордук кабинетинин бөлүм башчысы, 1983-жылы музыка тарых кафедрасынын улук окутуучусу болуп эмгектенген. Ушул эле жылы кыргыздын элдик музыкалык аспаптары жөнүндө илимий диссертациясын жактаган.
Ал эми 1985-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, Кыргыз композиторлор союзунун башкармалыгынын мүчөлүгүнө шайланат.
1987-жылы Кыргыз ССРинин Маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, кийин Кыргыз филармониясынын көркөм жетекчиси болгон.
1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кафедра башчысы, 2006-жылдан баштап институттун ректорлук кызматына көтөрүлгөн. Ректорлук кызматты аркалап жүрүп, көп ырааттуу иштери менен бирге окуу жайдын имаратын жана жатакананы толук оӊдоо иштерин ишке ашырган. Өмүрүнүн аягына чейин эмгегин искусствону өнүктүрүүгө жумшап, акыркы жылдары Кыргыз улуттук илимдер академиясында эмгектенген.
“Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары” аттуу монографиясы (1986), “Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы жана аспаптары” деген окуу куралы (2003), “Чоорлор” методикалык куралы жана башка китептери кыргыз, орус тилдеринде жарык көргөн.
Мындан сырткары, кыргыздын элдик жана профессионал музыкаларынын тарыхына, актуалдуу проблемаларына байланышкан ондогон макалалары газета-журнал беттеринде жарыяланган. Ошону менен бирге дүйнөлүк, эл аралык, бүткүл союздук республикалык симпозиумдарга, конференцияларга катышып, кыргыздын салтуу-музыкалык фольклорунун орчундуу-көйгөйлүү масеселерин коомчулуктун талкуусуна коюп келген адам болгон.
Пикир
Оставить комментарий