• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Бишкекте район башчылары жашы 100дөн ашкан шаар тургундарын куттуктады

Коом 0

Бишкек, 02.10.24. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарынын райондук администрацияларынын башчылары улгайган шаар тургундарын Карылардын эл аралык күнү менен куттуктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, район башчылары жашы жүздөн ашып, кылым карыткан шаар тургундарынын үйүнө барып, акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардам көрсөтүштү.

Алсак, Жаныбек Орозалиев баштаган Октябрь районунун жетекчилиги 104 жашка толгон Хузиахметов Габдулла Шагивалиевичти, ошондой эле 100 жылдыгын белгилеген Жумашев Аспек Жумашовичти, Пухарев Василий Дмитриевичти, Москаленко Нина Петровнаны, Аширбаева Насима Гарифовнаны куттукташты.

Сарылбек уулу Улан баштаган Биринчи май районунун жетекчилиги 105 жашка чыккан Алиева Гүлшан Мамедовнаны, ошондой эле 100 жаштан ашкан Үсөнова Сокен, Синусова Нина Ивановна, Дзюбенко Анна Петровна, Федорова Мария Дмитриевна, Кибраева Асымкул жана Захарева Захареваны куттукташты.

Свердлов районунун акими Кубанычбек Айтакунов 102 жаштагы Мария Михайловна Воронина жана 104 жаштагы Угулхан Муслимованы куттуктап, аларга акчалай сертификаттарды тапшырды.

Ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы Карылардын эл аралык күнүнө карата аз камсыз болгон 3 миң 802 кары адамга даректүү социалдык жардам көрсөттү. 100 жаштан жогорку курактагы 16 шаар тургунуна өзгөчө көңүл бурулуп, аларга да акчалай жардам жана азык-түлүк топтомдору берилди.

Мындан сырткары, Бакыт ордосунда 50 жылдан ашык бирге өмүр сүргөн 114 жубайга сый-урмат көрсөтүлдү. Аларга белектер тапшырылып, үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактоо жана улуу муунду сыйлоо маанилүү экендигин баса белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий