• 85.5
  • 92.78
  • 0.88

Бишкекте рейддик иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн көчөдө жүргөн 17 өспүрүм аныкталды

Коом 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Бишкекте рейддик иш-чаранын жүрүшүндө түнкүсүн көчөдө жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 31-январь күнү ИчИМдин Жашы жете электердин арасындагы укук бузуулардын алдын алуу борборунун кызматкерлери тарабынан «Өспүрүм-Түн» аттуу ыкчам-алдын алуу иш-чарасы жүргүзүлдү.

«Кыргыз Республикасында балдардын ден соолугуна, дене бой, интеллектуалдык, психикалык, руханий жана адептик өнүгүүсүнө зыян келтирүүнүн алдын алуу боюнча чаралар» жөнүндөгү КР мыйзамынын негизинде түнкү убакта (саат 22:00дөн эртен мененки саат 06:00гө чейин) балдар: көчөдө, соода жана коомдук тамактануу жайларында, парктарда, аянттарда, вокзалдарда, түнкү жана интернет клубдарда ата-энелери же аларды алмаштырган адамдардын коштоосуз жүрүүгө тыюу салынат.

Иш-чаранын максаты – кыштын суук күндөрү, түн ичинде мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн, балдар мекемелеринен өз алдынча кетип калган, мамлекеттин жардамына муктаж балдарды аныктоо, аларга социалдык жактан жардам көрсөтүү.

Рейддик иш-чаранын жүрүшүндө мыйзамдуу өкүлдөрүнүн коштоосу жок жүргөн 17 бала аныкталды. Аныкталган балдарга жеринен ата-энелери чакыртылып, андан ары тарбиялоо жана көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, балдар ата-энелерине тапшырылып берилишти.

Пикир

Оставить комментарий