• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Бишкекте рейддин жүрүшүндө 3,5 миң жол эрежесин бузуу катталып, 6,9 млн сомго айып салынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматы тарабынан борбор калаада жөө жүргүнчүлөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында 26-марттан 4-апрелге чейинки аралыкта рейд өттү.

Кайгуул кызматынын маалыматы боюнча, рейддин жүрүшүндө 3 миң 646 укук бузуу фактысы аныкталып, 6 млн 984 миң сом айып салынды.

Алардын ичинен жөө жүргүнчүлөрдү жөө өтмөктөрдөн өткөрбөй (жол бошотуп бербей) койгон 1 миң 669 айдоочуга тийиштүү протокол толтурулуп, ар бирине 3 миң сомдон, ал эми көрсөтүлгөн жол чырактардан, жөө өтмөктөрдөн өтпөй чоң унаа жүрүүчү жолдорду кесип өткөн 1 миң 977 жөө жүргүнчү аныкталып, ар бирине 1 миң сомдон айып салынды.

Рейддик иш-чара Ош базар, Орто-Сай, Чүй жана Шопоков өңдүү көчө кесилиштеринде, ошондой эле орто мектептерге жакын чоң көчөлөрдө өткөрүлүп, 2 миң 854 жөө жүргүнчүлөргө жана жөө жүргүнчүлөрдү өткөрбөй койгон айдоочуларга түшүндүрүү жана эскертүү иштери да жүргүзүлдү.

Жыл башынан тартып, жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп кетүү фактысы менен 209дан ашуун жол кырсыгы катталып, 212ден ашуун жаран жабыркаган.

Пикир

Оставить комментарий