• 84.24
  • 94.05
  • 0.91

Бишкекте Республикалык атайын музыкалык мектеп-интернатынын концерти өтөт

Маданият 0

Бишкек, 01.06.24. /Кабар/. Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Мукаш Абдраев атындагы Республикалык атайын музыкалык орто мектеп-интернаты чоң программадагы концерт берет.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, концерт бүгүн, 1-июнда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында болот. Башталышы саат 14:00дө.

Аталган мектептин окуучулары концертте фортепиано, үйлөмө, эл аспап жана кыл аспаптарда кол ойнотуп, өз өнөрлөрүн тартуулашат. Ошондой эле хор, камералык, үйлөмө аспаптар жана эл аспаптар оркестрлери дүйнөлүк классикалык чыгармалар менен бирге кыргыз композиторлорунун чыгармаларын аткарышат.

Концерт Маданият, маалымат,спорт жана жаштар министрлигинин колдоосу менен Эмгек,социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий