• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Бишкекте режиссер Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына карата сүрөт көргөзмө өтөт

Маданият 0

Бишкек, 24.05.23. /Кабар/. Бишкектеги Г.Айтиев атындагы Көркөм сүрөт музейинде “Лиля Турусбекова – көрүнүктүү инсан жана режиссер” деген аталыштагы сүрөт көргөзмө ачылат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө документалдык кино режиссеру, Кыргызстандын документалдык киносунун башатында турган Лиля Турусбекованын 90 жылдыгына арналат.

Иш-чаранын ачылыш аземи 25-майда саат 15:00дө өтмөкчү.

Министрликтен белгилешкендей, документалдык кино тармагында 36 жыл үзгүлтүксүз иштеген эмгек жолунда Лиля Турусбекова өзүнүн өлкөсүнүн летописин жаратты десек жарашат. Анын фильмографиясында 100гө жакын тасмалар бар: 32 документалдык тасма, анын ичинде – 4 толук метраждуу тасманы жана “Советтик Кыргызстан” киножурналынын 65ке жакын чыгарылышын кошсок болот. Лиля Турусбекова өзүнүн кесиптештеринин фильмдеринин редактору жана ошондой эле киностудиянын көркөм кеңешинин мүчөсү болгон.

Лиля Турусбекова 1933-жылдын 8-майында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында Улуу Ата мекендик согушка кетип кан майдандан кайтпай калган, белгилүү советтик акын жана драматург Жусуп Турусбековдун үй-бүлөсүндө туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №28 мектепти аяктаган соң, Москва шаарындагы Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтунун режиссердук факультетине белгилүү кино мастер Лев Кулешовдун билимканасына тапшырган. 1956-жылы ВГИКти аяктаган аяктагандан кийин, өзү туулуп-өскөн шаарына кайтып келип, ошол учурда жаңы эле түзүлгөн “Киргизфильм” киностудиясына режиссерлук кызматта ишке орношуп, өзүнүн эмгек жолу аяктаганга чейин ошол жерде иштеген.

Лиля Турусбекованын көрөрмандар жогору баалаган документалдык фильмдеринин катарына “Алар Тянь-Шанда төрөлгөн” (1957), “Кыргыз искусствосунун майрамы” (1959), “Сенин курбуларың” (1960), “Улуу эпос” (1962), “Кыргыз искусствосунун чеберлери” (1963), “Кыргызстандагы советтик кино жумалыгы” (1964), “Жаз соңунда” (1967), “Причастность” (Бакен Кыдыкеева) 1977, “Кошой-Таш” (1981), “Жаңырган жерде” (1981), “Тагдыр” (1988), “Мыскал” (1989), “Чебер” 1990, “Алыкул” (1990), “Арбагы тирүүлөр” (1992) кирет.

Пикир

Оставить комментарий