Бишкекте Россия менен Кыргызстандын дипмамилелеринин 25-жылдыгына арналган жыйын өтүүдө

Саясат 0

Бишкек, 21-февраль /Кабар/. Бишкекте «Россия-Кыргызстан: келечекке багытталган өнөктөштүк (коопсуздук, экономика, гуманитардык кызматташтык)” аттуу эл аралык жыйын өтүүдө. Иш-чара Россия менен Кыргызстандын дипломатиялык мамилелеринин 25-жылдыгына арналган.

Жыйынга КР вице-премьер-министри Олег Панкратов, РФнын КРдагы элчиси Андрей Крутько, РФнын Федералдык жыйынын Мамлекеттик думасынын коргоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварин, КР Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева, депутаттар Марат Аманкулов, Тынчтыкбек Шайназаров, Ирина Карамушкина жана Бахадыр Сулейманов, ошондой эле эки өлкөнүн эксперттери жана аналитиктери катышууда.

Сүрөттөр Роман Гайнановдуку

Пикир

Оставить комментарий