• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте өрт өчүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын арттырган машыгуу өттү

Коом 0


Бишкек, 29.11.24. /Кабар/. Күн мурун өрт өчүрүүчүлөрдүн тажрыйбасын арттырган машыгуу болуп өттү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, Бишкектин Октябрь районунда курулуп жаткан 14 кабаттуу турак үйлөрдүн биринде атайын өрт-тактикалык машыгуу өтүп, анда көп кабаттан турган имараттын эң үстүндө чыккан өрттү өчүрүүдөгү куткаруучулардын ыкчам аракети, тажрыйбасы бааланды.

Машыгууга Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын бардык өрткө каршы-куткаруу бөлүктөрүнүн өрт өчүрүүчүлөрү катышып, 54 метр жана 30 метрлик автошаты, 3 өрт өчүрүүчү унаа, штаб жана куткаруу кызматы тартылган.

Белгилей кетсек, мындай машыгуулар башкармалыктын планынын негизинде, куткаруучулардын өрт кырсыгында эмоционалдык туруктуулугун бекемдөө максатында жылына 2 ирет өткөрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий