• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте семинарда салык жана камсыздандыруу мыйзамдарындагы өзгөрүүлөр талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 17.09.24. /Кабар/. Мамлекеттик салык кызматында салык жана камсыздандыруу мыйзамдарындагы өзгөрүүлөргө байланыштуу кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча семинарлар өткөрүлдү.

Ведомстводон билдиришкендей, окутуунун жүрүшүндө кызматкерлер орточо айлык эмгек акынын негизинде киреше салыгын жана камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнүн жаңы тартибин колдонуу боюнча практикалык билимге ээ болушту, ошондой эле өзгөрүүлөргө ийгиликтүү адаптациялашуу жана аларды күнүмдүк иштерде натыйжалуу пайдалануу үчүн зарыл болгон көндүмдөргө ээ болушту.

Семинарлар офлайн жана онлайн форматында өткөрүлдү, бул өз убагында окутууга жана кыска мөөнөттүн ичинде катышуучулардын максималдуу катышуусуна шарт түздү.

Онлайн окутуу аймактык салык органдарынын кызматкерлерине материалдарды реалдуу убакыттын ичинде алууга, ал эми офлайн формат тажрыйба алмашууга жана маселелерди талкуулоого мүмкүнчүлүк берди.

Натыйжада семинарлар кызматкерлердин кесиптик компетенцияларынын деңгээлин гана жогорулатпастан, Салык кызматынын ар кандай бөлүмдөрүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдеди.

Окутуу калкты тейлөөнүн сапатын жакшыртууга багытталган. Алынган билим кызматкерлерге так жана актуалдуу маалыматты берүүгө, ошондой эле акыркы мыйзамдык талаптарга ылайык кызмат көрсөтүүгө жардам берет.

Пикир

Оставить комментарий