• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте сарайдан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын Тыныстанов көчөсүндө жайгашкан сарайдан чыккан өрт саат 15:36да толук өчүрүлдү.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоого 2 күжүрмөн эсеп, 1 автошаты жана штаб тартылган.

Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метр күйүп, иске ууланган бир жаран куткарылган.

Өрт сарайдан 3 кабаттуу үйдүн чатырына өтүп, болжол менен 30 адам батирден эвакуацияланган.

Пикир

Оставить комментарий