• 85.5
  • 93.28
  • 0.89

Бишкекте сейил бактын мыйзамсыз берилген жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 16.10.24. /Кабар/. Бишкектеги "Кара-Жыгач токою" сейил багындагы жарандарга мыйзамсыз берилген 1,2 га жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө КР өкмөтүнүн 1995-жылдагы токтому менен “Кара-Жыгач токою” сейил багы Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башкаруусуна берилген. Бирок ага карабастан Свердлов администрациясы тарабынан аталган сейил бактын аймагынан 2007-жылдагы “Жер участокторун бөлүп берүү жөнүндө” токтому менен жалпы аянты 1,2 га жер тилке 30га бөлүнүп, жарандарга мыйзамсыз берилип кеткендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан сотко келтирилген доо арыздын жыйынтыгы менен жогоруда аталган токтом жокко чыгарылып, ал эми келтирилген прокурордук актысынын негизинде баасы 126 млн 780 миң сомду түзгөн 1,2 га жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий