• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте шаардык транспорттун көйгөйлүү маселелерин чечүү боюнча тегерек стол өттү

Коом 0

Бишкек, 23.10.23. /Кабар/. Бишкекте транспорт көйгөйүнө арналган «Шаардык транспорт: көйгөйлөр жана аларды чечүү жолдору» аталыштагы тегерек стол өттү.

Иш-чарага Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин ректору Мирлан Чыныбаев, окуу жайдын окутуучулары, Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Айдар Токонов, “БЖАИ” МИнин директору Бакыт Темикеев, Бишкек троллейбус башкармалыгынын директору Талант Капаров, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, бейөкмөт уюмдар жана ММК өкүлдөрү, жарандык активисттер катышты.

Иш-чаранын негизги максаты шаардык транспорт көйгөйлөрүн чечүү планын иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруунун инструменттерин бекитүүгө багытталган.

Тегерек столдун жүрүшүндө шаардык транспорт көйгөйлөрүн чечүү жана жакшыртуу боюнча талкуу болуп, бир нече сунуштар айтылды.

Иш-чараны И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин (КМТУ) Эл аралык логистика жогорку мектеби (ЭЛЖМ) Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте өткөрдү.

Пикир

Оставить комментарий