• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте Төлөгөн Касымбековдун чыгармачылыгына арналган адабий кече өттү

Коом 0

Бишкек, 24.09.24. /Кабар/. Бишкек шаарынын борборлоштурулган китепкана тармагына Төлөгөн Касымбековдун ысымы ыйгарылды. Бул окуянын урматына жазуучунун чыгармасынын негизинде “Сынган кылыч – кылым китеби” деген темада адабий кече өткөрүлдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, адабий кече ошондой эле Мамлекеттик тил күнүнүн 35 жылдыгына арналып, президенттин "2022-2027-жылдарга улуттук наркты сактоо жана өнүктүрүү жөнүндө улуттук программаны бекитүү тууралуу" жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чарага маданият башкармалыгынын башчысынын орун басары Абсамат Акунов, борборлоштурулган китепкана тармагынын директору Кулсайра Дандыбаева, ошондой эле ардактуу коноктор катышты.

Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жазуучу менен жеке жолугушуулары, тарыхый чыгармаларды жаратуудагы мамилеси тууралуу айтып берди.

Пикир

Оставить комментарий