Бишкек, 10.01.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бишкекте бүгүн, 10-январда шайлоо тилкелеринде 2 урна бузулган. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында ыкчам чара көрүү боюнча координациялык топтун мүчөсү, БШКнын мүчөсү Тынчтыкбек Шайназаров билдирди.
Анын айтымында, №1217 жана №1221 шайлоо тилкесинде эки урна бузулганы тууралуу кайрылуу келип түшкөн.
"Тиешелүү адистер ал жерлерге жөнөп кетти. Учурда урналар оңдолду", - дейт ал.
Пикир
Оставить комментарий