Бишкекте шалаакылык кылган курулуш компаниялардын жерлери мамлекетке алынды

Коом 0

Бишкек, 05.06.24. /Кабар/. Бишкекте үлүш ээлеринин алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн шалаакылык кылган куруучу компаниялардын жер тилкелери соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК тарабынан курулуш компанияларынын ишиндеги мыйзам бузууларды аныктоо, ошондой эле үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана шаар куруу чөйрөсүндө алдамчылык көрүнүштөргө жол бербөө максатында жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында шалаакылык кылган курулуш компанияларынын иши аныкталды.

Тактап айтканда, ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, "Р.С.М." ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынан турак жай комплексин куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө аянты 0,54 га жер тилкесин ижарага алган. Бирок, "Р.С.М." ЖЧКсы толук кандуу курулуш үчүн өз күчүнө жана каражатка ээ болбостон, башка подряддык компания менен курулуш келишимин түзүп, кийин курулушка керектүү каражаттарды алуу үчүн курулуп жаткан батирлерди үлүштүк катышуу келишими боюнча 100дөн ашык үлүшчүлөргө саткан. Жер тилкесинин бааланган наркы 132 млн 170 миң сомду түзгөн.

Андан соң жер тилкесинин ээси "Р.С.М." ЖЧКсы жеке кызыкчылыгы үчүн подряддык компания менен келишимди эч себепсиз бузган. ЖЧКнын негизсиз жана ак ниетсиз иш-аракеттерине байланыштуу подряддык компания турак үйлөрдүн курулушун бүтүрө алган эмес жана үлүшчүлөрдүн алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткара алган эмес.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкеси соттук тартиптин негизинде мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

Мындан улам, подряддык курулуш компаниясынын үлүшчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн шарттар түзүлүп, аталган жер участогун мамлекеттен түздөн-түз ала алышат жана курулушту бүтүрө алышат.

Бул контекстте УКМК курулуш компаниялары тарабынан профилдик мыйзамдарды сактоо жана үлүшчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин талаптагыдай аткаруу зарылдыгын эскертет. Мыйзам бузуучуларга карата колдонуудагы мыйзамдардын алкагында тиешелүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий