• 84.2
  • 93.8
  • 0.91

Бишкекте Швейцариянын "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" долбоору жыйынтыкталды

Ден соолук 0

Бишкек, 27.09.24. /Кабар/. Швейцария өкмөтүнүн "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" долбоорунун жыйынтыктары бүгүн Бишкек шаарында өткөн жабылыш аземинде көрсөтүлдү.

КР Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, бул иш-чара долбоордун ишин жыйынтыктоо максатында долбоорго катышкан улуттук өнөктөштөрдү, ошондой эле эл аралык донорлордун өкүлдөрүн бириктирди.

Швейцария Өкмөтүнүн “Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы” долбоору саламаттыкты сактоо уюмдарынын башкаруу автономиясын илгерилетүү, ошондой эле алардын жетекчилеринин компетенттүүлүгүн жогорулатуу аркылуу медициналык жардамдын натыйжалуулугун жана сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министрлиги тарабынан демилгеленген.

Долбоор 2015-жылы Ысык-Көл облусунун үч пилоттук районунда башталып, анда саламаттыкты сактоо уюмдарын кайра уюштуруунун негизинде калкка көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапаты жакшыртылган. Долбоордун экинчи фазасы 2020-жылдын августунда башталып, саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерин конкурстук негизде дайындоо жана компетенцияларын өнүктүрүүнү камсыз кылуу аркылуу өлкөнүн саламаттыкты сактоотармагын башкаруу тутуму жаңыланды.

Маанилүү жетишкендиктердин бири болуп КР саламаттыкты сактоо уюмдарынын жетекчилеринин Ассоциациясынын түзүлүшү саналат, анын негизги максаты лидерлерди шыктандыруу жана мобилизациялоо. .

"Башкарууну жана лидерликти чыңдоонун туруктуу системасын түзмөйүнчө, саламаттыкты сактоо системасынын натыйжалуулугун камсыз кылууга жана медициналык жардамдын эффективдүүлүгүнүн жогорулатууга жетишүү мүмкүн эмес", - деп белгиледи саламаттык сактоо министринин биринчи орун басары Медербек Исмаилов.

Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Оливье Бангертер натыйжалуулукка багытталган, учур талабына жооп берген башкаруу тиешелүү деңгээлде даярдалган саламаттык сактоо уюмдарын жетектөөчү адистер аркылуу гана ишке ашышы мүмкүн экенин белгиледи.

2015-жылдан бери "Саламаттык сактоо уюмдарынын автономиясы" долбоорун ишке ашырууга Швейцария тарабынан 7 миллиондон ашык швейцариялык франкы (8 миллиондон ашык АКШ доллары) бөлүнгөн. Швейцария 25 жылдын ичинде Кыргызстандын саламаттыкты сактоо системасын чыңдоого 80 миллиондон ашык швейцариялык франкын инвестициялаган.

Пикир

Оставить комментарий