• 84.2
  • 93.84
  • 0.91

Бишкекте Snow Leopard Run 2024 жарышы өттү

Спорт 0

Бишкек, 29.09.24. /Айпери Кожоева-Кабар/. Бишкекте бугун Snow Leopard Run 2024 V эл аралык кайрымдуулук жарым марафону болуп өттү.

Жарыш калаанын негизги көчөлөрүндө болду.

Катышуучулар 5, 14 жана 21 чакырым аралыкка чуркашты.

Ошондой эле Кulikov Kid’s Run үч жаштан он үч жашка чейинки балдар үчүн 1 чакырым, 500, 300, 100 метр аралыкка чуркоо өткөрүлдү.

Жарым марафонго 4500 адам катышты.

1,2,3 -орун алган жөө күлүктөр акчалай жана демөөрчүлөрдүн ар кандай сыйлыктарына ээ болушту.

Белгилей кетсек, жыл сайын катышууга төлөнгөн каражат ак илбирсти жана экосистеманы коргоо боюнча глобалдык программага которулуп, фотокапкан сатып алынып келет.

Ошондой эле жаратылыш чөйрөсүндөгү башка муктаждыктарга жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий