• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Бишкекте согуштун эки ардагерине батирлер берилди

Коом 0

Бишкек, Эгемендүүлүк күнүн жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын майрамдоонун алдында Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштун эки ардагерине батир тапшырылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн шаар мэри Айбек Жунушалиев Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери Аспек Жумашев менен Асек Урманбетовго батирлердин сертификаттарын тапшырды.

Көп жылдар бою ардагерлердин турак-жай маселеси чечилбей, ушул убакка чейин Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары батирлерге ээ боло албай келишкен.

Мэр быйыл 9-майда согуштун ардагерлеринен кабар алып жатып, өлкө жетекчилиги менен макулдашуу боюнча маселени карап чыгып, тез арада чечүүгө даяр экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун чечими менен ардагерлер Аспек Жумашевге 2 бөлмөлүү батир, Асек Урманбетовго «Жал» кичи районунан 3 бөлмөлүү батир берилди.

Бишкек шаарынын мэри ардагерлерди Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап, ардагерлерге согуш учурунда көрсөткөн эрдиктери жана баатырдыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий