• 87
  • 89.63
  • 0.85

Бишкекте сойкулук менен алектенген 200дөн ашык кыз аныкталды

Коом 0


Бишкек, 11.12.24. /Кабар/. Бишкекте шаардык милиция кызматкерлери моралдык баалуулуктарды сактоого жана сойкуканаларды аныктоого багытталган «Түнкү көпөлөк» аталышындагы ыкчам-профилактикалык иш-чараларды улантылууда.

Ведомствонун маалыматына ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө кызматкерлер болжолдуу түрдө интимдик кызмат көрсөткөн сойкуканаларды, сойкулук менен алектенген кыздарды аныктоо үчүн шаардын аймактарында мончолорду, ижарага берилүүчү батирлерди жана мейманканаларды текшеришти.

Белгилей кетсек, 20 күндүк иш-чаранын жыйынтыгында, жалпысынан 170 ар кандай жайлар текшерилип, сойкулук менен алектенген 228 кыздар аныкталып, Кыргыз Республикасынын укук бузуулар кодексинин 1092 беренесине (Сойкулук менен алектенүү) ылайык 7 административдик протоколдор түзүлгөн жана мейманкана атын жамынган 1 сойкукана аныкталып, аны иштеткен жарандар кармалган. Аларга карата кылмыш иши козголуп, шектүүлөр Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Мындан тышкары, рейддин жүрүшүндө 151 ар кандай кылмыштардын бети ачылган, дайынсыз жоголгондор, издөөдө жүргөндөр аныкталган жана 3 баңгизат кылмыштарынын бети ачылган.

Учурда, профилактикалык иш-чаралар улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий