• 86.8
  • 91.22
  • 0.82

Бишкекте социалдык маанилүү азык-түлүк продукцияларынын жарманкеси өтөт

Коом 0

Бишкек, 01.11.24. /Кабар/. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Бишкек шаардык мэриясы менен биргеликте 2-3-ноябрда социалдык маанилүү азык-түлүк продукциясы жана керектелүүчү товарлардын жарманкесин уюштурат.

Ведомстводон маалымдашкандай, жарманкенин максаты ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын жана кайра иштетилген продукцияны сатууну каалаган жеке ишкерлерди жарманкеге чакырабыз.

Ошондой эле министрлик Кыргызстандын бардык фермер-дыйкандардын продукциясын сатууга шарт түзүп берет. Белгилей кетсек, жарманкени ар жуманын дем алыш күндөрү өткөрүп туруу пландалууда.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Суроолор боюнча министрликтин кызматкерине байланышсаңыздар болот: 0702 702 000

Пикир

Оставить комментарий