Бишкекте сотто айыпталуучуга бензин чачып, өрттөө аракети көрүлгөн

Коом 0


Бишкек, 26.10.22. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май райондук соту күбө айыпталуучуну өрттөөгө аракет кылган видео боюнча комментарий берди.

“Кабар” агенттигине соттон билдиришкендей, Биринчи май райондук сотунда алдамчылыкка айыпталган К.М.А.га карата кылмыш иши каралууда.

“Бүгүн биринчи соттук отурум аяктаган соң, аталган иш боюнча А.Г. аттуу күбө айыпталуучуга бензин чачып, өрт койгон. Белгилей кетсек, А.Г. аталган иш боюнча күбө болуп саналат жана ал бүгүнкү соттук отурумга чакырылган эмес”, - деп кошумчалашты соттон.

Видеону социалдык тармакка Facebook колдонуучусу Бактыбек Жумашев жарыялаган.

Пикир

Оставить комментарий