• 87
  • 90.59
  • 0.86

Бишкекте союз убагында курулган 1,5 миңдей көп кабаттуу үйлөр бар – Орунтаев

Коом 0


Бишкек, 26.11.24. /Жазгүл Мадинова - Кабар/. Бишкекте советтер союзу убагында 1,5 миңдей көп кабаттуу үй курулуп, эксплуатацияга берилген. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, колдонууга берилген үйлөрдүн басымдуу бөлүгү 70 жылдан ашты. Эми аларды жаңылоо убактысы келди.

“Реновация программасы бир нече жылдан бери эле көтөрүлүп келет. Эми аны колдонуу убактысы келди деп ойлойм. Биринчиден “реновация” деген эмнени түшүндүрөт? Реновация бул – жаңылануу. Биз өмүр бою советтер союзу убагында курулган үйлөрдө жашабайбыз да. Качан алар кулап кетет деп күтпөшүбүз керек. Жашоочуларыбыздын коопсуздугун ойлошубуз керек. Ар бир нерсенин мөөнөтү бар. Мына ошол мөөнөткө жакындап келе жатабыз”, – деди Орунтаев.

Ошондой эле, ал эскилиги жеткен үйлөрдү бузуу жашоочулардын макулдугу менен гана жүргүзүлөрүн, аларды эч ким мажбурлабай турганын белгиледи.

“Реновацияга туура келген ар бир чарчы метр жердин ордуна жер берилет же акчалай төлөнөт. Тактап айтканда, жашоочунун макулдугусуз эч нерсе буздурулбайт” – деп баса белгиледи мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси.

Эгер инвестор эскилиги жеткен үй жайгашкан жер тилкени сатып алууну кааласа, ал процесс болжол менен кандай жүргүзүлөрүн төмөндөгүчө түшүндүрүп берди:

«Мисалы, инвестор заманбап турак жай комплексин куруу үчүн эски үйдү же жер тилкесин сатып алууну көздөп жатат дейли. Ошондой эле, ал имаратты сатып алууга мүмкүнчүлүк алды. Бирок ошол эле учурда алар кожоюндары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдугун алат. Анан долбоор боюнча жаңы үй салат. Ошол эле учурда мамлекет тарабынан көзөмөл болот – биринчи кезекте жашоочулардын кызыкчылыгы каралат. Бул пункттардын баары ченемдик укуктук актыларда камтылат”- деп белгилели Орунтаев.

Атай кетсек, 2024-жылдын аягына чейин, Кыргызстанда 2 миллион чарчы метрге жакын жер пайдаланууга берилет. Бул рекорддук көрсөткүчкө жетээри кошумчаланды.

Пикир

Оставить комментарий