• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү митинг-реквиеми өттү

Коом 0

Бишкек, 06.08.24. /Кабар/. Бишкек шаарындагы Чолпонбай Түлөбердиев атындагы сейил багында Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдигине арналган митинг-реквием өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Марат Мураталиев, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы коомдук фонддун директору Байымбет Мураталиев жана райондун акими Сарылбек уулу Улан катышты.

Катышуучулар баатырдын эстелигине гүл коюп, бир мүнөт унчукпай туруу менен эскеришти.

Ардактуу кароолдон Мекен үчүн жанын берген Чолпонбай Түлөбердиевдин улуу эрдигине таазим кылган ок атылды.

Шаар мэри Айбек Джунушалиев өз сөзүндө эрдиктин жана патриоттуулуктун үлгүсү болгон баатырлардын эрдиктерин жаш муундарга сактап калуу маанилүү экенин белгиледи.

"Согуштун каардуу жылдарында анын бардык кыйынчылыктарын башынан өткөрүп, өз өмүрлөрүн тобокелге салып, Улуу Жеңиш үчүн кан майданына аттанган мекендештерибиздин, баатырларыбыздын, анын ичинде Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиктери менен ар дайым сыймыктанып келебиз", - деп белгиледи борбор калаа башчысы.

Иш-чара Чолпонбай Түлөбердиевдин эрдиги тууралуу эскерүүлөрүн, ойлорун ортого салган достук баарлашуу менен аяктады.

Пикир

Оставить комментарий