• 87.45
  • 91.15
  • 0.88

Бишкекте өспүрүм бала "Ала-Арча" суусуна кулап кеткен күчүктү куткарып калды

Коом 0

Бишкек, 18.08.20. /Кабар/. Бишкекте өспүрүм бала "Ала-Арча" суусуна кулап кеткен күчүктү куткарып калды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, өспүрүмдөрдүн тобу “Ала-Арча” дарыясын бойлой сейилдеп жүрүшкөн. Алар кичинекей күчүктүн үнүн угуп, анын жыгылып кетип, чыга албай калганын көрүшкөн.

“Балдар күчүктүн чыга албай жатканын көрүп, аны куткарууну чечишкен. Өспүрүмдөрдүн бирөө коркпостон дарыянын жээгине барып итти куткарып калган. Кийинчерээк кичинекей баатырдын аты Эмир Үмөталиев экенин билдик. Ал №13 мектепте окуйт, сентябрда 8-класска барат. Эмир көптөгөн курдаштары сыяктуу эле жаныбарларды аябай жакшы көрөт жана чет тилдерди үйрөнүү менен алек”, - деп билдиришти муниципалитеттен.

Бишкек шаардык мэриясы Эмирге жана анын досторуна эрдиги үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирет.

Пикир

Оставить комментарий