Бишкек, 18.07.22. /Кабар/. Бишкекте өспүрүм кыз 12-кабаттан кулап каза болду.
Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 17-июль күнү саат 02:50 чамасында 102 кызматына Жал кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жанынан кыздын сөөгү табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине тергөө-ыкчам тобу чыгып, 2007-жылы туулган Ж.Ж. аттуу өспүрүм кыз болжол менен саат 02.35те Жал кичирайонунда жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 12-кабатынан кулап, алган жараатынан улам жеринде каза болгондугун аныкташкан.
Аталган факт Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтардын электрондук журналына катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
Учурда тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө.
Пикир
Оставить комментарий