Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бишкекте өткөн "Өспүрүм-түн" рейдинде көзөмөлсүз жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддик иш-чаранын максаты балдар арасында кылмыштуулуктун алдын алуу болуп саналат.
Анын алкагында түнкүсүн көчөдө чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, ата-энелери жерине чакыртылып, эскертүүлөр берилди.
Ыкчам иш-чаранын негизинде көзөмөлсүз жүргөн 17 бала аныкталган. Алардын 2 өспүрүмдүн ата-энеси менен байланыш жок болгондугунан, алар убактылуу ЖУАБна жайгаштырылышты.
Белгилей кетсек, түнкү саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин чоң адамдардын коштоосу жок жүргөн жаш балдарга мыйзамдуу чектөө бар.
Пикир
Оставить комментарий